Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болду, Жапония менен Гавайиде цунами тууралуу эскертүү берилди


Орусиянын Ыраакы Чыгышында, Камчатка жарым аралында күчү очогунда 8,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Орусиянын коргоо министрлиги катуу зилзаладан кийин дагы 30 жолу күчү 2-5 баллды түзгөн жер термелүү болгонун кабарлады. Кырсыкта азыноолак жараат алгандар бар.

ТАСС агенттиги Түндүк-Курильскинин мэрине шилтеме кылып бул аймакта цунаминин үч толкуну келгенин, шаардагы портту суу каптап, кемелер акканын жазды. Аймакка өзгөчө абал режими киргизилди.

Сейсмологдордун билдиришинче, бул эки миңдей адамдын өмүрүн алган 1952-жылдагы жер титирөөдөн кийинки эле чоң кырсык болуп калды.

Маалыматтарга караганда, жер титирөө Тынч океандын түндүк тарабында, АКШнын Калифорния штатына чейин сезилди.

Жапонияда, АКШнын Гавайи штатында цунами болушу мүмкүндүгү, мындан улам жээкке жакын жашагандар чукул арада коопсуз жайларга барып турушу керектиги эскертилди. 2011-жылдагы жер титирөөдөн улам болгон цунамиде ири аварияга учураган "Фукусима" атомдук станциясында иштегендер эвакуацияланды.


Шерине

XS
SM
MD
LG