Бишкек шаарынын мэриясы таштандыны чыгарууга байланыштуу жаңы талап киргизди. Ага ылайык, өзүнүн токтомуна өзгөртүү киргизип, акыр-чикир мындан ары кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин гана чыгарылышы керектигин, болбосо айып пул салынарын эскертти.
"Күл, дарактын бутактары, куураган чөп өңдүү таштандыны контейнерге жана ага жакын жерге ыргытууга жана сактоого дагы тыюу салынат",-деп жазылган маалыматта.
Бул эрежени бузган жарандарга 5,5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 7,5 миң сом айып пул салынышы мүмкүн.
Бишкек мэриясы буга чейин жашоочуларга кайрылып, таштандыны кечинде чыгарууну суранып келген. Анда күндүз жол тыгыны өндүү маселелерден улам "Тазалык" кызматы түнкүсүн иштеп жатканын белгилеген.
Былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров дагы Бишкек менен Ош шаарынын тургундарына кайрылып, мэрлердин таштандыны кечкисин чыгаруу суранычын эске салган. Ал Фейсбуктагы баракчасына таштандыны кечинде түнкү саат 12ге чейин чыгарууга көнүү керектигин жазган.
Бишкекте айрыкча жай мезгилинде таштанды убагында алынбаганына байланыштуу такай талаш-талкуу чыгып келет.
Шерине