Президент Садыр Жапаров 29-июлда Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Анын администрациясы учкай маалымат таратып, алар өз ара алака-катышты талкуулаганын билдирди.
"Тараптар кыргыз-тажик достук, ынак коңшулаштык жана кызматташтык мамилелеринин абалын жана келечегин ар тараптуу карап чыкты. Эки өлкөнүн президенттеринин мамлекеттик сапарларынын жыйынтыктары талкууланды. Алар соода-экономикалык кызматташтыкты жана өз ара байланыштардын башка аспектилерин мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чек ара сызыгын демаркациялоо процессин алдыга жылдыруу маселелерине басым жасашты. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар тууралуу пикир алмашылды",-деп жазылган маалыматта.
Эмомали Рахмондун Кыргызстанга келери, канча күн болору тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.
Садыр Жапаров ушул айдын башында, 8-июлда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барган. Анын алкагында эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты камтыган 13 макулдашууга жана меморандумга кол коюлганы маалымдалган. Бир нече жылдан бери жабык турган чек арадагы "Карамык" жана Бор-Дөбө бекеттери ачылган.
Шерине