Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

"Чөп басып, каралбай калган". Ботаникалык бактын талкуу жараткан абалы


Ботаникалык бак. 2025-жылдын 28-июлу.
Ботаникалык бак. 2025-жылдын 28-июлу.

Жулунган бадалдар, топтолгон таштанды, куураган бак-дарак. Бишкектин "өпкөсү" аталган Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсүндөгү ири бөлүгү учурда кагырап турат. Бул маселе соңку күндө социалдык тармактарда талкуу жаратып жатат.

Ботаникалык бактын ичи. 2025-жылдын 28-июлу.
Ботаникалык бактын ичи. 2025-жылдын 28-июлу.

Адистер убагында арыктар салынбай, тиешелүү кызматкерлер жетишсиз болгондуктан Ботаникалык бактын дээрлик жарымынан көбү каралбай калганын айтууда.

Бишкектин Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген. Дээрлик 150 гектар аянтты ээлеген бул жерде бак-дарактын 6800дөй түрү бар.

Ботаникалык бактын башкы бухгалтери Тынчтыкбек Абдыжапаров бакчанын ичиндеги бак-дарак куурап жатканын жашырган жок:

Тынчтыкбек Абдыжапаров
Тынчтыкбек Абдыжапаров

"Болжол менен айтканда 70-80 пайызы өлдү. Мисалы, эң көп зыян тарткан ушул тилке болуп жатат. Бул жерде ар бири тибине жараша тигилип, сонун план менен салынган бакча болчу. Суунун жетпегенинен, бак-дарактын түрлөрү кыскарып, жапайы алмалар бүт өлдү. Кыскасы 70 пайызы жок десек болот. Себеби ирригация толугу менен бузулган. Муну азыр карабаса бактын баары куурамак. Эми ирригацияны оңдоп, кайра жаңыдан бак тигиш керек. Ботаникалык бак эски сайдын үстүнө курулган. Атайын арыктар салынбаса суу жерге сиңип кете берет. Ошондуктан суу жетпей жатат".

Илимий-изилдөө институту катары эсептелген Ботаникалык бакты тейлей турчу кызматкерлер дагы жетишсиз.

Абдыжапаровдун айтымында, айлык аздыгынан кызматкерлер көпкө кармалбайт. Ушул тапта 150 гектар аймакты тейлегенге бери дегенде дагы 90 кызматкер жетпейт:

"1990-жылдары ушул эле жерде жалпы 150 гектар аянтта 262 киши иштечү экен. Азыркы күндө 68 киши бар. Элестетсеңер, канча эсе кыскарганын".

Ботаникалык бак Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу мекеме. Анын расмий аталышы – Энкер Гареев атындагы “Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институту.

Мекеменин окумуштуу катчысы Айша Турбатова кызматкерлердин тартыштыгынан илимий кызматкерлер ири аянттагы отоо чөптөрдү тергенге жетишпей келгенин кошумчалады:

Айша Турбатова
Айша Турбатова

"Бадал, отоо чөптөр каптап кеткендиктен 30 жылдан бери аларды тазалаганга киши жок. Биздин кызматкерлер бак-дарактарга илимий изилдөө өткөрө албай, чынын айтканда, ботаникалык бактын аймагы токой болуп калган".

Ушул жылдын башында Ботаникалык бакка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы деген макам берилген.

Улуттук илимдер академиясы аталган жайдын азыркы абалы тууралуу жүрүп жаткан талкууга 28-июлда комментарий берип, аны жаңылоого байланыштуу ири долбоор башталганын, ошонун алкагында комплекс толугу менен оңдолуп-түзөлөрүн билдирди:

Ботаникалык бак. 2025-жылдын 29-июлу.
Ботаникалык бак. 2025-жылдын 29-июлу.

"Жаңылоо иштеринин жүрүшүндө баалуу бак-дарактардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап калууга өзгөчө көңүл бурулат. Ботаникалык, дендрологиялык жана генетикалык баалуулугу бар илимий коллекцияга кирген бак-дарак, өсүмдүктөрдүн баары өз ордунда жана адистердин көзөмөлүндө турат. Бак 30 жылдан бери басып кеткен отоо чөптөрдөн, куурайлардан тазаланды. Бир канча жыл бою каржылоо болбогондуктан бул жай каралбай калган. Мамлекеттик колдоо болгондон бери көлөмдүү жаңылоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү",-деп жазылган маалыматта.

Тынчтыкбек Абдыжапаровдун айтымында, мамлекеттен реконструкцияга жалпы 99 миллион 740 миң сом каралган:

"Мунун ичинен ирригацияны оңдоого 79 741 378 сом каралып, тендер өткөрүлүп, иш башталды. Анын 39 миллиону иштелди. Ушул жылдын акырына дейре ишти бүтөбүз деп аракет кылып жатышат".

Айша Турбатова Ботаникалык бакты каптаган бадал, отоо чөп жулунганын, кийинки кезекте куурап же жарабай калган бак-дарактар кыйыларын айтып, алардын ордуна илимий коллекцияга кирген бак-дарак, өсүмдүктөр тигилерин билдирди.

Ботаникалык бак. 2025-жылдын 29-июлу.
Ботаникалык бак. 2025-жылдын 29-июлу.

2023-жылы мартта президент Садыр Жапаров Ботаникалык бакка баш багып, аны реконструкциялоону тапшырып, бул жайдын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин билдирген. Ошол эле маалда ал "бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин" белгилеген.

Экологдор Ботаникалык бакты оңдоп-түзөөдө анын илимий-изилдөө институту деген статусун сактап калуу зарылдыгын белгилеп жатышат:

Дмитрий Переяславский
Дмитрий Переяславский

"Шаарды жашылдандырууда кандай өсүмдүктөрдү пайдалануу керектигин түшүнгөн кадрлардын аздыгын байкап жүрөбүз. Кыргызстан чоң чакырыктардын алдында турат. Кургакчыл жылдар болуп жатканын көрүп жатабыз. Бул жакта муниципалитет менен Ботаникалык бактын кызматкерлери жашылдандыруу боюнча өсүмдүктөрдүн түрлөрүн тандоодо бирге иш алып барышы керек. Бир гана климат эмес, алар кайсы бак-дарактар чаңга, газга, түрдүү ооруларга туруштук бере аларын изилдеп, тандап, сунуш берип турушу керек", - деген ою менен бөлүштү эколог Дмитрий Переяславский.

Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсүндөгү бөлүгү реконструкцияга чейин. Архив сүрөт.
Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсүндөгү бөлүгү реконструкцияга чейин. Архив сүрөт.

Эколог адистердин айтымында, башка өлкөлөрдө ботаникалык бактарда чакан коруктарды түзүп коюшат. Ал эми Гареев атындагы бак буга чейин көптөгөн канаттуулар кыштап кеткен жай болчу. Адистер бакты реконструкциялоодо анын уникалдуулугун сактоо жагына көбүрөөк басым жасалса деп үмүттөнүшөт.

1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Иса Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Максим Горький көчөсүндө жайгашкан. Горький көчөсүндөгү бөлүгү буга чейин реконструкцияланган.

Ботаникалык бакта дарактар эмнеге куурап жатат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG