Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

Былтыр рак оорусу 6,5 миңден ашык адамдан аныкталган, бул мурдагы жылга караганда 8,9% көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр Кыргызстанда рак оорусу 6651 миң адамдан жаңы аныкталган жана бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 8,9% көп. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бейтаптардын теңине жакыны дарыгерлерге кеч кайрылган жана алардын арасынан 40% көбү бир жылдын ичинде көз жумган. Жалпысынан бул оору менен беш жыл жашагандардын көрсөткүчү 34,2% түзөт.

Аталган министрлик 29-июлда онкологиялык кызматтын азыркы абалы жана келечегине арналган жыйын өткөрдү. Анда министр Эркин Чечейбаев бул тармак жакынкы жылдары олуттуу реформа болорун билдирди.

"Онкологиялык жардам эски ыкмалардын туткунунда болбошу керек. Биз ар бир бейтап өз убагында, сапаттуу жана жеткиликтүү жардам ала турган системаны түзүүгө милдеттүүбүз",-деген Чечейбаев.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 5 миңден ашуун адамдан онкология илдеттери аныкталат. Эркектер арасында ашказандын, ал эми аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчектин залал шишигине чалдыккандар басымдуулук кылат.


Шерине

XS
SM
MD
LG