Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

"Газа балдардын бейитине айланган". Ачарчылык коркунучуна кептелген тилкеге жардам жеткириле баштады


Жардамга жетпей калган газалыктар күкүм терип жеп жатышат. Газа, 28-июль 2025-жыл
Жардамга жетпей калган газалыктар күкүм терип жеп жатышат. Газа, 28-июль 2025-жыл

Алты баланын атасы Фарез Хасуна тамагы кургап, ачка болсо да таңкы саат 5 жарымда туруп келип бир кап ун алууга жетишти:

"Жегенге тамак жок, жардам тийип калабы деп бул жерге келдим. Азык-түлүктүн жетишсиздигинен жок болуп баратабыз. Балдарым аябай арыктап кетти. 15 күндөн бери келип, куру кетип жатам. Жардам берилип жатканда да эч нерсе тийген эмес. Бир күкүм нан жей элекмин. Кооптуу болсо да ушинтип тамак издеп чыкпасам, ачкадан өлөм. Бул сындырым нан канга малынган".

Газа шаарына гуманитардык жардам жеткирилди. 27-июль 2025-жыл
Газа шаарына гуманитардык жардам жеткирилди. 27-июль 2025-жыл

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму гуманитардык жардам кое берилбей жаткан Газа тилкеси массалык ачарчылык коркунучуна кептелгенин билдирип келди. Ал эми ЮНИСЕФ 27-июлда Газада тое тамактанбагандан чарчап калган балдардын саны өскөнүн билдирген.

Фонддун басма сөз катчысы Салим Овайстын айтымында, июлда күнүнө орто эсеп менен алганда ачка калган 350 наристе дарыгердин жардамына муктаж болуп, ооруканаларга жеткирилген:

"Газа тилкеси балдардын бейитине айланганын айтып келатабыз. Газа балдар үчүн кооптуу болуп калганын эскерткенибизге көп болду. Тилекке каршы, кырдаал ого бетер начарлады. Согуш башталгандан бери жетиштүү тамактанбаган 80 бала көз жумганы тууралуу кабарланууда".

Ал арада газалыктарга Египет менен чек ара тараптан жардам жеткириле баштады. Ал өлкөнүн Кызыл ай комитети жекшембиде Керем Абу Салем өткөөлү аркылуу 1200 тонна тамак-аш жүктөлгөн 100дөн ашуун оор машина палестин анклавына бет алганын билдирди.

Израил жекшембинин кечинен тарта тилкенин үч жеринде согуштук аракеттерди убактылуу токтоторун жарыялаган. Армиянын – ЦАХАЛдын маалыматына караганда, «тактикалык тыныгуу» гуманитардык жардам жеткирүү үчүн киргизилүүдө жана саясий жетекчилик муну менен «Газада атайылап ачарчылык түзүлгөн деген жалган маалыматты төгүндөөнү максат кылат».

Анклавга учактардан жардам ташталууда
Анклавга учактардан жардам ташталууда

Ал-Маваси, Дейр ал-Балах жана Газа шаарында эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин ок атылбайт. ЦАХАЛ таңкы алтыдан кечки 11ге чейин азык-түлүк жана дары-дармек ташыган кербендер үчүн коопсуз коридор ачылып турарын белгиледи.

Израилдин бийлиги ошол жардам согушкер топтун колуна өтүп жатканын жана согуш маалында Газага жетиштүү көлөмдөгү азык-түлүк ташууга жол бергенин айтууда.

"Акыйкаттык үчүн күрөштө жеңишке жетүү маанилүү. Израил Газада ачарчылык кампаниясын жүргүзүүдө деп айыпташууда. Бул карандай калп. Газада ачарчылык саясатын көрө албайсыңар, ачарчылык да жок. ХАМАС гуманитардык жардамды талап-тоноп, Израилди аны жеткирбей жатат деп айыптап жатат", - деп билдирди жекшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Израил быйыл мартта анклавга жардам жеткирүү жолдорун бөгөттөп, майда аларды ачкан. Бирок бир топ чектөөлөр кала берүүдө.

Иордания жана Бириккен араб эмираттары жекшембиде 25 тонна жардам абадан таштаганы маалым болду.

Бирок кээ бирлерине, жергиликтүү тургун Масад Габандай айткандай, жардам тийбей калып, куружалак кетүүгө аргасыз болду:

"Кечээки кечки саат алтыдан бери оозубузга наар ала элекпиз. Машиналар ташып келген жардам келген жок, учактан ташташат экен деп укканда бул жакка жөнөгөнбүз. Аны да күттүк. Ушинтип кемсинтип жатышат, биз ар-намыска татыган адамдарбыз".

Газадагы гуманитардык кырдаалдан улам Израил эл аралык кысымга туш болуп келатат.

27-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Тел-Авив мындан аркы кадамдарын чечүүгө тийиш деп билдирди. Америкалык лидер ок атууну токтотуу жана барымтадагылары бошотуу боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийинки чаралар кандай болорун билбей турганын кошумчалады.

Трамп Вашингтон палестиналык анклавга көбүрөөк жардам жөнөтөрүнө убада берди.

АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобуна каршы уруш 2023-жылдын 7-октябрында башталган. Ага жоочулардын Израилдин аймагын аткылап, бир күндө 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 чакты кишини барымтага алганы себеп болгон.

Радикал топ көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттыкты сактоо мекемеси ошондон бери 59 миң 800дөн ашуун киши каза тапканын жекшембиде билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG