Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:18

Кыргызстан: Эл аралык интернет-трафикти тейлөөгө бир жылга мамлекеттик башкаруу кирди


“ЭлКаттын” жетекчиси Нурадил Баясов
“ЭлКаттын” жетекчиси Нурадил Баясов

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, төрт ай мурун улутташтырылган "ЭлКат" компаниясы өлкөгө эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана транзиттик кызмат көрсөтүү үчүн "эксклюзивдүү укукка" ээ болду.

Эми кыргызстандык бардык байланыш операторлору жана интернет-провайдерлер "ЭлКат" компаниясы менен "кызматташтыктын шарттарын кайра карап чыгууга" милдеттүү. Бул үчүн эки ай мөөнөт белгиленген.

Мамлекеттик башкаруу быйыл 15-августтан кийинки жылдын 14-августуна чейин өкүм сүрөт. Кыргыз бийлиги азырынча монополия кандай механизмдер аркылуу ишке кирерин так түшүндүрө элек.

Президент Жапаровдун басма сөз кызматы бардык чаралар "эффективдүү башкарууну уюштурууга, тездик менен өзгөрүп жаткан технологиялык шарттарды эске алуу менен санариптик трансформацияны мындан ары өркүндөтүүгө шарт түзүүгө жана мамлекеттик үлүшү бар айрым компаниялардын натыйжалуулугун жогорулатууга" багытталганын билдирди.

"Мамлекеттик көзөмөл, албетте, байланыш кызматтарынын баасын турукташтырууга жана тарифтердин ашыкча өсүп кетишине жол бербөөгө өбөлгө болот, бул кардарларга пайдалуу. Мамлекеттин колдоосу өлкөнүн санариптик экономикасын өнүктүрүүгө жана жалпы телекоммуникация чөйрөсүн жакшыртууга көмөктөшөт", - деди Санариптик өнүгүү министрлигинин өкүлү Би-би-си радиосунун кабарчысына.

Кыргызстандын байланыш операторлорунун ассоциациясы президент Жапаровдун жаңы буйругунан кийин комментарий бере элек. Ассоциацияда жеке жана мамлекеттик 13 байланыш оператору бар. Алардын бири - "ЭлКат" компаниясы.

“ЭлКат”– Кыргызстандагы эң алгачкы жана ири провайдерлердин бири. Ал коңшу өлкөлөрдөн интернет алып келип, өз кардарларына сатат. Компания өзү билдиргендей, анын магистралдык линиялары 2500 километрден ашып, өлкөнүн булуң-бурчундагы кайсы объект болбосун интернетке кошуп бере алат. “ЭлКат” 1994-жылы түптөлүп, былтыр 30 жылдыгын белгиледи.


Шерине

XS
SM
MD
LG