Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

17 жаштагы Дарья Попованы өлтүрүүгө шектүү өгөй атасы өмүр бою кесилди


Дарья Попова бир үйдүн жалгыз кызы болчу.
Дарья Попова бир үйдүн жалгыз кызы болчу.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 17 жаштагы Дарья Попованы өлтүрүүгө шек саналган өгөй атасы Евгений Бертрамды күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратты. Анын үй-мүлкү конфискацияланып, жазасын катаал режимдеги абакта өтөйт. Айыпталуучу акыркы сөзүндө кылган ишине өтө өкүнөрүн билдирген.

Былтыр 30-октябрда ошол маалда Бишкектеги мектептердин биринде 11-класста окуган Попова сабакка бараткан маалда жоголуп, ошол күнү кечинде сөөгү шаардын четинен табылган. Бул үрөй учурган окуяга шек саналып анын өгөй атасы ошол эле күнү Ысык-Көлдө кармалган.

Маркумдун апасы Маргарита Попова күйөөсү буга чейин дагы өзүнө зомбулук көрсөтүп келгенин, милиция ага коргоо ордерин бергенин билдирген.

Бул окуядан эки айдай мурун Маргарита кызын алып күйөөсүнөн качып кеткен. Бирок Евгений аларды бат эле таап алып, коркутууну күчөткөн. Маргарита милицияга кабарлап, күзөт ордерин да алган, күч кызматкерлери анын коопсуздугун камсыздоону убада кылышкан.

Кылмышка шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагында жатканда өзүнө кол салууга аракет кылганы кабарланган. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу буга чейин дагы Орусияда адам өлтүрүп, абакта отуруп чыкканы аныкталган.

Сотто бул иш ушул жылдын башынан тарта каралып жаткан.

Дарья Попова бир үйдүн жалгыз кызы болчу.


Шерине

XS
SM
MD
LG