Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу иш карала баштады. Маркум келиндин кылмышка шектүү күйөөсүнө "адам өлтүрүү", куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Эралиеванын жакындары анын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылып жатат.
Быйыл 26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин ага барган Айзирек аттуу келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган.
Ички иштер министрлиги кылмышка шектүүнүн куралы буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин бышыктап, буга байланыштуу айрым кызматкерлер жазаланганын билдирген.
Маркум келиндин артында беш баласы калды.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров бул окуядан улам аялдарга жасалган зордук-зомбулукту айыптап атайын билдирүү жасаган.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.
Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.
Шерине