Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ( ӨКМ) Талас облусунда кыргыз-казак чек арасына жакын аймакта чыккан өрттү өчүрүү уланып жатканын билдирди. Ага ылайык, өрт казак тарапта тутанган, бирок Кыргызстандын Кара-Арча коругуна чейин жайылып кетүү коркунучу бар.
"Учурда Кыргызстандын аймагында өрттүн очогу жок. Бирок Казакстандын аймагында эки жерде өрттүн очогу бар жана тилсиз жоонун Кыргызстандын Кара-Арча коругуна өтүп кетүү коркунучу жаралууда. Мындан улам Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, өрттү чогуу өчүрүү чечими кабыл алынган",-деп жазылган маалыматта.
Учурда Кыргызстан тараптан өрттү өчүрүүгө жалпы 130дан ашык адам, өрт өчүрүүчү эки машина тартылды.
Аймакта өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов баштаган топ жүрөт, атайын штаб уюштурулду.
Чек ара аймагындагы өрт 29-июлда тутанган жана анын себеби тууралуу маалымат бериле элек.
Шерине