Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:09

Орусияда Борбор Азиядан барган киши теракт жасоого шектелип кармалды


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Ростов-на-Донуда Украинанын атайын кызматынын "тапшырмасы менен теракт жасоого камынган" адамды алдын ала токтотуп калганы кабарланды. Бул тууралуу 29-июлда ФСБнын коомдук байланыш башкармалыгы билдиргенин жергиликтүү медиа жазды.

"ФСБ Ростов-на-Донуда Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы аткаминерине каршы украин атайын кызматынын тапшырмасы менен террордук чабуул даярдаган, 1982-жылы туулган, Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жаранын кармады", - деп айтылат расмий маалыматта.

Мекеме билдиргендей, кармалган чет элдиктен күчү 400 грамм тротил эквивалентиндеги колго жасалган бомба табылган. Кармалган киши күнөөсүн мойнуна алганы да кабарланды. Бирок анын аты-жөнү, кайдан экени так айтылган жок.

Тергөө комитети анын үстүнөн Орусиянын Кылмыш кодексинин "Террордук аракетке даярдык", "Жарылуучу заттарды же түзүлүштөрдү мыйзамсыз алып жүрүү", "Жарылуучу заттарды же түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо" деген беренелери менен иш козгоду.

Өткөн аптада "Азаттык Азия" кызматы Краснодар крайында өзбек жараны "теракт даярдоого" шектелип кармалганын жазган. Орусиянын атайын кзыматы ал "эл аралык террористтик топтун тапшырмасы менен мунай иштетүүчү өндүрүштүк жайда" теракт жасоого камынганын билдирген. Ал жер "мунай иштетүүчү жайдын жатаканасы, ал эми эркек имаратка "Молотов коктейлин" ыргытканы маалым болгон.

2025-жыл жаңыргандан тарта ФСБ Борбор Азиядан барган бир нече кишини "терроризм" деген шек менен жок кылды. Февралда атайын кызмат Псков шаарынын вокзалын "жардырууга камынган" деген шек менен бир нече кишини "жок кылган". Мартта бир чет элдик Москвадагы жөөттөрдүн маданий борборун жана метронун станцияларынын биринде "жардыруу даярдаган" деген негизде өлтүрүлгөн.

2024-жылы 22-мартта Москванын сыртындагы "Крокус Сити Холлдо" концерт башталар алдында куралдуу кол салуу болгон. Белгисиз бирөөлөр чогулган элге ок атып, имараттын ичинде өрт койгон. Өрттү 23-мартта гана толук өчүрүшкөн. Кандуу чабуулда 149 киши өлүп, 500дөн ашуун адам жабыркаган.

Терактка айыпталып тажик тектүү жарандар кармалган соң Орусияга Борбор Азиядан барган мигранттардын жашоосу кыйындады. Эки жылдан бери мигранттар тынымсыз рейд, депортацияга дуушар болуп, орус бийлиги чет элдик жарандардын укугу менен эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG