Октябрь райондук соттун судьясына сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган деген айып тагылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкектеги Октябрь райондук соттун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси менен, тактап айтканда, "сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого" байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ага арызды ошол соттун катчысы жазган жана май айынан бери асылып жүргөнүнө даттанган:

"Октябрь райондук сотунун катчысынан жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш жасоо жолуна түшкөн судья К.Ж.С.га карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз түшкөн. Ал 2025-жылдын май айынан тартып WhatsApp мессенжери аркылуу интимдик мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүп, ар кандай терс сунуштар менен аны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлай баштаган. Башкы прокуратура 25-июлда аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Судьялар кеңешине сунуштама жөнөткөн. Ага ошол күнү расмий айып тагылып, бөгөт чарасы каралганда эч кайда кетпөө тил катынын негизинде бошотулган".

Кылмышка шектүү судья жана анын жактоочусу азырынча комментарий бере элек.

2024-жылдан тартып Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка айыпталгандарга жаза катаалдаган. Ага ылайык, мыйзамга мындай кылмыш кылгандар пробацияга чыгарылбайт, күрөөгө бошотулбайт деген нормалар кирген.

Дагы караңыз

Былтыр рак оорусу 6,5 миңден ашык адамдан аныкталган, бул мурдагы жылга караганда 8,9% көп Трамп Орусияга согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого 10 күндүк мөөнөт берди Кыргызстанда былтыр мурдагы жылга караганда өлүм 2,3% көп катталды Бишкек мэриясы таштанды кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин гана чыгарылышы керектигин эскертти Улуттук банк эсептик ченди 9,25% чейин көтөрдү