Былтыр рак оорусу 6,5 миңден ашык адамдан аныкталган, бул мурдагы жылга караганда 8,9% көп

Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр Кыргызстанда рак оорусу 6651 миң адамдан жаңы аныкталган жана бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 8,9% көп. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бейтаптардын теңине жакыны дарыгерлерге кеч кайрылган жана алардын арасынан 40% көбү бир жылдын ичинде көз жумган. Жалпысынан бул оору менен беш жыл жашагандардын көрсөткүчү 34,2% түзөт.

Аталган министрлик 29-июлда онкологиялык кызматтын азыркы абалы жана келечегине арналган жыйын өткөрдү. Анда министр Эркин Чечейбаев бул тармак жакынкы жылдары олуттуу реформа болорун билдирди.

"Онкологиялык жардам эски ыкмалардын туткунунда болбошу керек. Биз ар бир бейтап өз убагында, сапаттуу жана жеткиликтүү жардам ала турган системаны түзүүгө милдеттүүбүз",-деген Чечейбаев.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 5 миңден ашуун адамдан онкология илдеттери аныкталат. Эркектер арасында ашказандын, ал эми аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчектин залал шишигине чалдыккандар басымдуулук кылат.

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы таштанды кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин гана чыгарылышы керектигин эскертти Манхэттенде куралдуу кол салуудан беш адам, анын ичинде ок чыгарган киши мерт болду Улуттук банк эсептик ченди 9,25% чейин көтөрдү 17 жаштагы Дарья Попованы өлтүрүүгө шектүү өгөй атасы өмүр бою кесилди Тайланд менен Камбоджанын лидерлери ок атышууну токтотууну макулдаштыУКМКнын текшерүүсүнөн кийин Оштогу ЖОЖдордон 13 миңден ашык студент чыгарылды Соттуулугу жоюлгандардын жогорку кызматка келишин чектеген мыйзамга кол коюлду