Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Суучул Денис Петрашов дүйнө чемпионатында коло медал утуп, тарыхый ийгиликке жетти


Күмүш медал уткан италиялык атлет Николо Мартиненги, кытайлык спортчу Цинь Хайян - дүйнө чемпиону жана кыргызстандык суучул, коло байгенин ээси - Денис Петрашов. Сингапур, 28-июль, 2025-жыл.
Күмүш медал уткан италиялык атлет Николо Мартиненги, кытайлык спортчу Цинь Хайян - дүйнө чемпиону жана кыргызстандык суучул, коло байгенин ээси - Денис Петрашов. Сингапур, 28-июль, 2025-жыл.

28-июлда Сингапурда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык атлет, 25 жаштагы Денис Петрашов коло медал утту. Бул Кыргызстандын тарыхында сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы байге болуп саналат.

Петрашов 100 метрди брасс стилинде 58,88 секундда сүзүп өтүп, коло медалга ээ болду.

27-июлда өткөн 100 метрлик жарышка жалпысынан 76 спортчу катышкан. Петрашов алгачкы жарышта 59,53 секундда сүзүп 8-орунду, жарым финалда 59,2 секунд менен 7-орунду ээлеген.

Петрашов брасс стилинде 50, 100 жана 200 метрге сууда сүзүүдө Азиянын төрт жолку чемпиону.

Олимпиада оюндарынын үч жолку катышуучусу. Париждеги Олимп оюндарында суучул 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 14-орунду ээледи. Ага чейин 100 метрге брасс стилинде жарышка чыгып, 23-орунду ээлеген.

Токио оюндарында Петрашов 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө 27-орунду, 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 18-орунду ээлеген.

16 жашында Рио-де-Жанейро Олимпиадасында катышкан.

Денис Петрашов: “Бала кезде менден эч ким деле жыйынтык күткөн эмес”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG