Бишкек мэриясы таштанды кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин гана чыгарылышы керектигин эскертти

Бишкекте айрыкча жайында таштанды маселеси көбөйөт.

Бишкек шаарынын мэриясы таштандыны чыгарууга байланыштуу жаңы талап киргизди. Ага ылайык, өзүнүн токтомуна өзгөртүү киргизип, акыр-чикир мындан ары кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин гана чыгарылышы керектигин, болбосо айып пул салынарын эскертти.

"Күл, дарактын бутактары, куураган чөп өңдүү таштандыны контейнерге жана ага жакын жерге ыргытууга жана сактоого дагы тыюу салынат",-деп жазылган маалыматта.

Бул эрежени бузган жарандарга 5,5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 7,5 миң сом айып пул салынышы мүмкүн.

Бишкек мэриясы буга чейин жашоочуларга кайрылып, таштандыны кечинде чыгарууну суранып келген. Анда күндүз жол тыгыны өндүү маселелерден улам "Тазалык" кызматы түнкүсүн иштеп жатканын белгилеген.

Былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров дагы Бишкек менен Ош шаарынын тургундарына кайрылып, мэрлердин таштандыны кечкисин чыгаруу суранычын эске салган. Ал Фейсбуктагы баракчасына таштандыны кечинде түнкү саат 12ге чейин чыгарууга көнүү керектигин жазган.

Бишкекте айрыкча жай мезгилинде таштанды убагында алынбаганына байланыштуу такай талаш-талкуу чыгып келет.

Дагы караңыз

Манхэттенде куралдуу кол салуудан беш адам, анын ичинде ок чыгарган киши мерт болду Улуттук банк эсептик ченди 9,25% чейин көтөрдү 17 жаштагы Дарья Попованы өлтүрүүгө шектүү өгөй атасы өмүр бою кесилди Тайланд менен Камбоджанын лидерлери ок атышууну токтотууну макулдаштыЗапорожьеде Орусиянын соккусунан абактагы 16 адам мерт болуп, 35и жараат алдыУКМКнын текшерүүсүнөн кийин Оштогу ЖОЖдордон 13 миңден ашык студент чыгарылды Соттуулугу жоюлгандардын жогорку кызматка келишин чектеген мыйзамга кол коюлду