Соттуулугу жоюлгандардын жогорку кызматка келишин чектеген мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 28-июлда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду.

Документке ылайык, сот күнөөлүү деп тапкан, бирок соттуулугу жоюлган же кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине, тараптардын келишип алганына же моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп бергенине байланыштуу кылмыш иши кыскарган жарандарды президент, Министрлер кабинетинин төрагасы, мүчөсү кызматына дайындоого, алардын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуусуна, Борбордук шайлоо комиссиясына, Улуттук банкка жана Эсептөө палатасына кызматка баруусуна тыюу салынды.

"Мыйзамдын максаты – жарандардын бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатуу, жогорку кызмат адамдарынын жана мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин органдарынын, өзгөчө статуска ээ мамлекеттик органдардын жетекчи курамдагы өкүлдөрүнүн кемчиликсиз аброюн калыптандыруу, ошондой эле мыйзам үстөмдүгү жана мыйзамдуулук принциптерин бекемдөө болуп саналат",-деп жазылган президенттин администрациясы тараткан маалыматта.

Жогорку Кеңештин азыркы курамында, буга чейинки чакырылыштарда дагы депутаттар арасында, жогорку мамлекеттик кызматта отургандардын ичинде убагында кылмыш иши козголгон, бирок ар кандай, кээде бүдөмүк жагдайларда аяктаган, соттуулугу жоюлгандар бар.

Дагы караңыз

17 жаштагы Дарья Попованы өлтүрүүгө шектүү өгөй атасы өмүр бою кесилди Илимдер академиясы Ботаникалык бак жаңыланып жатканын билдирди Тайланд менен Камбоджанын лидерлери ок атышууну токтотууну макулдаштыУКМКнын текшерүүсүнөн кийин Оштогу ЖОЖдордон 13 миңден ашык студент чыгарылды "Аэрофлот" хакердик чабуулга кабылды, 40тан ашык каттам үзгүлтүккө учурады Ирандын Кыргызстандагы элчиси акыйкатчыдан кыргыз абагындагы жарандарына көмөк көрсөтүүнү өтүндү Ташовдун адвокаты райондук соттун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга кайрылат