Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Трамп Путинден "көңүлү калганын" айтып, Орусияга жаңы мөөнөт чектеди


АКШ президенти Дональд Трамп, Орусиянын лидери Владимир Путин
АКШ президенти Дональд Трамп, Орусиянын лидери Владимир Путин

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга Украина менен макулдашууга берилген 50 күндүк мөөнөт кыскартылганын дүйшөмбүдө билдирди.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Шотландияда жолукканда Трамп бул мөөнөттү 10-12, эң узагы 15 күнгө чейин кыскартарын белгиледи. “Күтүү зарыл эмес. Мен кең пейилдик кылганым менен илгерилөө жок”, - деди америкалык лидер.

14-июлда Трамп Москвага 50 күн берип, эгер бул маалда Москва тилге көнбөсө АКШ Орусияга жана андан энергетикалык ресурстарды алган өлкөлөргө бажы тарифтерин 100% көтөрөрүн жарыялаган.

Ошондой эле Трамп Украинага курал-жарак берүүгө даярдыгын билдирген.

Орус лидеринен «көңүлү калганын» кайталаган Трамп Кремль менен сүйлошүүлөдү жүргүзүп жатканын, бирок андан эч майнап чыкпай, орус армиясы украин шаарларын аткылоонун үстүндө экенин айтты.

Путин эки аптадан бери АКШнын президентинин 50 күндүк ультиматуму тууралуу эч нерсе айта элек. Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров дүйшөмбүдөгү сөзүндө Москванын Киевге койгон талаптарын кайталады. Кремль Украинага НАТОго кирүүдөн, Орусия оккупациялап алган өз аймактарынан баш тартуу талабын койсо, Киев аны кескин четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG