Казакстанда өрттөн, истен жети баланын өмүрү кыйылды
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо Бишкек, Ош жана облустагы шаарларда “Жаңы Кыргызстан”, “Жаңы күч”, “Ынтымак”, “Адилет”, жана “Эмгек” деп аталган партиялар алдыга чыкты. Бул шайлоо "Социал-демократтардын" жарыштан четтеп, лидери Темирлан Султанбековдун камалышы менен коштолду. Вашингтон Киевге америкалык курал менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экенин дүйнолүк басылмалар жазды. Кремль андай чечим АКШ Орусия менен "тикелей жаңжалга кириптер болот "дегенди билдирерин айтып, Байдендин администрациясын эскалация үчүн айыптады.Казакстандын Костанай облусунда 67 жаштагы чоң атасы үч небереси менен иске ууланып каза тапты. Астанада да эки кабат менчик үйдө өрт чыгып, төрт баланын өмүрү кыйылды.
Чыгарылыштар
-
Июль 25, 2025
Париж Палестин мамлекетин тааныйт
-
Июль 24, 2025
Ыраакы Чыгыштагы авиакырсыкта 48 киши набыт болду
-
Июль 23, 2025
Казакстан: Дарыгерди сабагандар катуу жазаланат
-
Июль 21, 2025
Стамбулда украин-орус тынчтык сүйлөшүүсү өтөт
Шерине