Москвада миңдеген киши Навальныйды акыркы сапарга узатты
БУУ Газадагы соңку трагедиялуу окуяны кылдат иликтөөгө чакырды. 29-февралда Газа шаарында гуманитардык жардам алууга келген 100дөн ашуун адам набыт болуп, ондогон киши жараат алды. Москвада миңдеген киши оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатты. Бишкек мэриясы 60тан ашык үй-бүлөнү "мыйзамсыз жашап жатат" деген жүйө менен жаңы салынган имараттан чыгара баштады. Көп кабаттуу имаратта жарык жана суу өчүрүлдү. Экс-бажычы Райымбек Матараимов менен мамилеси бар делген депутат Шайлообек Атазов “өлкөдөн шашылыш чыгып кетти" деген кабарды төгүндөдү. Ал Түркияда дарыланып жүргөнүн, жакында Кыргызстанга кайтып келээрин билдирди.
Чыгарылыштар
-
Июль 25, 2025
"Айлампага түшүп калдым". Москвадагы мигранттын түйшүгү
-
Июль 25, 2025
Париж Палестин мамлекетин тааныйт
-
Июль 24, 2025
Ыраакы Чыгыштагы авиакырсыкта 48 киши набыт болду
-
Июль 23, 2025
Казакстан: Дарыгерди сабагандар катуу жазаланат
-
Июль 21, 2025
Стамбулда украин-орус тынчтык сүйлөшүүсү өтөт