Депутаттар Текебаевдин маселесин көтөрүштү
Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү жана депутат Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга көңүл бурууну соттон талап кылууда. Депутаттар Текебаевдин күнөөсү жок экенин көрсөткөн беш жагдай бар экенин белгилеп, соттон ошол жагдайларга көңүл бурууну суранышмакчы. "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлардын арасында негизги арыз берген Маевскийдин көрсөтмөлөрүн төгүнгө чыгарган маалыматтар бар экенин билдирди. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "Орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Чыгарылыштар
-
Июль 26, 2025
Өзбекстан 100 жыл мурун кандай эле?
-
Июль 25, 2025
"Айлампага түшүп калдым". Москвадагы мигранттын түйшүгү
-
Июль 25, 2025
Париж Палестин мамлекетин тааныйт
-
Июль 24, 2025
Одесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды
-
Июль 24, 2025
Ыраакы Чыгыштагы авиакырсыкта 48 киши набыт болду
-
Июль 23, 2025
"Бул наам - кыргыздын казакка көрсөткөн сый-урматы"