"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Азыркы Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтү аяктап калды. Жаңы системаны түптөй турган бул парламент кандай иштеди, коомчулуктун ишеничин канчалык актай алды деген суроо менен шаар тургундарына микрофон сундук.
Мындан бир кылым мурун адамдар асманда учууну чоң жетишкендик катары санап келишкен эмеспи.
Бүгүнкү күндө көк мелжиген асманда темир тулпар минип, дүйнөнүн төрт тарабына учуу кадыресе көрүнүш. Бир өлкөдөн экинчисине заматта жеткирген жөнөкөй бир аба каттамдын аркасында ондогон адамдар, опол тоодой эмгек жасалат.
Коргоо министрлигинин офицерлерине берилген үйлөрдү бөлүштүрүүдөгү коррупция, Бишкектеги жана Оштогу мыйзамсыз курулуштар боюнча “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын иликтөөсү.
Тынчтыктын баасы эбегейсиз кымбат экенин унутпашыбыз керек. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бишкекте мектеп окуучуларынын майрамдык парадын кабыл алып жатып айтты. Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында өткөн окуучулардын парады Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык расмий иш-чаралардын башталышы болуп калды. Ага 6 миң улан-кыз катышты.
Азамат: 6 жылда дүйнөнү багынтам
"Азаттык" президент Алмазбек Атамбаевдин чыгымдарын иликтеп чыкты. Мамлекет башчысы канча айлык алат, ага канча адам кызмат кылат?
Отунбаева: Биз тандаган жолубуздан кайтпашыбыз керек
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын беш жылдыгына байланыштуу эскерүүлөрдүн сериясын сунуштайбыз. Шейиттердин бири - Жолдошбек Кудайбергеновдун энеси Нурия Айдабосунова апрел сотунун чечимине нааразы экенин айтты.
Мындан туура беш жыл мурда Бакиевдин бийлигинин огу 86 азаматтын өмүрүн кыйган. Кандуу апрелде каза болгондорду эскерип жатып, алардын мүдөөсү аткарылдыбы деген суроого жооп издөөгө туура келет.
4-апрель күнү Бишкекте “Кыргызстан сулуусу-2015” сынагынын финалы болуп өттү. Сынакка ат салышкан 60 кыздын ичинен Дайана Өмүралиева суурулуп чыгып, кымбат баалуу таажы жана дүйнөлүк сулуулар сынагына катышуу укугуна ээ болду.
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын беш жылдыгына байланыштуу эскерүүлөрдүн сериясын сунуштайбыз. Кезинде убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Эмилбек Каптагаев апрель соту, Бакиевдердин экстрадициясы жана ошол кездеги оппозиция лидерлеринин жоопкерчилиги тууралуу ой бөлүштү.
Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык «Эскерүү эстафетасы» бүгүн Бишкекте уланды. Акция буга чейин Минск, Баку жана Кишинев шаарларында өткөн. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламент аралык ассамблеясынын демилгеси менен уюштурулган. Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттон тамызгы алынып, атайын кутучага салынды. Эстафета талабына ылайык, бардык өлкөлөрдөн түбөлүк оттун тамызгылары Санкт-Петербург шаарына чогултулуп, 16-апрелде аларды бириктирүү салтанаты өтөт. Бүгүнкү салтанаттын алкагында согуш ардагерлери Жеңиш аянтынын тегерек-четине дарак отургузушту.
Дагы жүктөңүз