Брюссел Кремлге каршы киргизилген санкциялардын 18-пакетинде Казакстандын көмүрүн Орусиянын порттору аркылуу ташууга коюлган чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги билдирди.
“Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болду. Евробиримдиктин 18-санкциялык пакетинин алкагында Европа тарап Казакстандын көмүрүн айрым орус порттору аркылуу транзит менен ташууга коюлган чектөөнү алып салды”, - деп билдирди министрлик.
Министрликтин маалыматына караганда Брюссел Астанага бир катар чектөөлөрдү: Казакстанда гана казылган көмүрдү ташуу, жүктүн менчик укугу санкцияга кирген өлкөлөрдүн резиденттерине тиешелүү болбошу керек, Орусиянын порттору транзит, жүктөө жана жөнөтүү үчүн гана колдонулушу керек, ал эми көмүрдү Орусиянын аймагында сатып алууга же өндүрүүгө болбойт деген талаптарды койгон.
Расмий маалыматка таянсак, Казакстан 2022-жылы Евробиримдикке 419,2 млн долларга 4,4 млн тонна көмүр экспорттогон. 2023-жылы бул көрсөткүч 6,1 млн тонна (382 млн доллар), ал эми 2024-жылы 5,2 млн тонна (312,5 млн доллар) болгон.
Евробиримдиктин 18-санкциялык пакети июль айынын ортосунда жарыяланган. Документте Орусиянын энергетика тармагынан түшкөн кирешесин азайтуу, банк сектору менен аскердик-өнөр жай комплексин алсыратуу, санкцияларды айланып өтүүгө каршы чараларды күчөтүү жана Украинанын балдары менен маданий мурасына кыянаттык менен жасалган кылмыштар үчүн орус аткаминерлерин жоопко тартуу каралган.
Соңку санкциялык пакет жарыялангандан кийин Орусиянын “көмүскө флотуна” тиешелүү “кара тизмедеги” кемелердин саны 444кө, ал эми санкция салынган адамдардын саны 2500гө жетти.
Дагы караңыз
"Орусия санкция тилин гана түшүнөт". АКШнын жаңы ультиматумунан майнап чыгабы?"Аткаминерди жазадан бошотуп коёт". Өкмөттүн долбоорундагы талаштуу нормаКытай Орусияны колдогону ачык байкала баштады. Киев аны көз жаздымда калтырган жок