Ош: 13 миңден ашык "жел эсептеги" студент окуудан айдалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Запорожьеде орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, 43 киши жараат алды. Трамп Путинден "көңүлү калганын" айтып, Орусияга Украина менен макулдашууга берилген 50 күндүк мөөнөт кыскартылганын билдирди. Атайын кызмат Оштогу жогорку окуу жайлардан 13 миңден ашык студент окуудан чыгарылганын билдирди. Эксперттер муну “жел эсептеги” студенттерге каршы күрөш десе, университет жетекчилиги мындай "тазалоо" жыл сайын эле жүрүп келатканын айтууда. Суучул Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медал утту. Бул Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатындагы алгачкы байге эсептелет.