Ботаникалык бакта дарактар эмнеге куурап жатат?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Улуттук илимдер академиясы Бишкектеги Ботаникалык бактын абалы тууралуу талкууларга комментарий берди. Анда бул жайды жаңылоого байланыштуу ири долбоор башталганын, анын алкагында комплекс толугу менен оңдолуп-түзөлөрүн билдирди. Адистер бакты реконстукциялоодо анын уникалдуулугун сактоо жагына көбүрөөк басып жасалса деп үмүттөнүшөт. "Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилген.