Орусиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясынын маалыматтык системасынын иши үзгүлтүккө учурап, 40тан ашык каттам убагында аткарылбай калды. Компаниянын серверине жасалган чабуулга жоопкерчиликти украиналык Silent Crow жана "Киберпартизандар BY" тобу алды.
Silent Crow "Аэрофлоттун" ички IT-инфраструктурасын бузуп кирип, жети миңдей сервер жок кылынганын билдирди.
Маалыматтарга караганда, хакерлер авиакомпаниянын "ички түйүнүндө" дээрлик бир жыл болушкан, натыйжада учуулардын таржымалын жүктөп алып, кызматкерлердин, анын ичинде жетекчилердин компьютерлерине көзөмөл орнотушкан.
Мунун алдында "Аэрофлот" сервистин ишин калыбына келтирүү үчүн адистердин тобу иштеп жатканын билдирген. Компания Шереметьево аба майданында үзгүлтүккө учураган каттамдардын жүргүнчүлөрүнө кайрылып, жүктөрүн алып аэропорттон кетип турууну өтүнгөн.
"Аэрофлот" Орусиядагы эң ири авиациялык топ, анын курамынан "Россия" жана "Победа" авиакомпаниялары кирет.
"Коммерсант" басылмасынын маалыматына караганда, былтыр "Аэрофлот" 55 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыган. "Аэрофлот" менен "Россия" 248, ал эми "Победа" 94 багытка такай каттайт.