Днепропетровск тынымсыз аткыланды, эки адам набыт болду

Орусия 26-июлга караган түнү Украинанын Днепропетровск облусун ракета жана дрондор менен тынымсыз аткылады.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак эки адам набыт болуп, кеминде беш киши жараат алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, көп кабаттуу үй, өнөр жай ишканалары жабыркап, өрт чыкты.

Лысак бул түнү Днепр шаарынын жана Днепропетровск облусунун үстүнөн жети ракета жана 26 дрон атып түшүрүлгөн белгиледи.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн билдиришинче, ишембиге оогон түнү Орусия жалпысынан 200дөн ашык дрон, 30дай ракета менен бир канча аймакка чабуул жасады жана алардын теңинен көбү атып түшүрүлдү.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмүн эмес.

Дагы караңыз

КФБ Жоэл Кожо Өзбекстандын “Нефтчи” футбол клубуна өткөнүн билдирдиАмангелдиев "Кыргыз почтасынын" логистикалык борборунун даярдыгын текшерди Кең-Сайдагы курулуш: мурдагы башкы прокурор Жамшитовдун атасы кармалганы кабарландыИИМ: чоң жолдордо сол тилкеде жай айдагандарга айып пул салына баштайт Ташиевдин убадасынан кийин Жайнак Немат уулу Нарынга мэр болуп дайындалды Жаңы гимндин беш варианты тандалып алынды, музыкасы үчүн сынак жарыяланды Казакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат он жылга кесилдиЭнергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айттыУкраинадагы согушта мерт болгон 120 миң орусиялыктын тек-жайы такталды