КФБ Жоэл Кожо Өзбекстандын “Нефтчи” футбол клубуна өткөнүн билдирди

Жоэл Кожо сыйлоо аземи учурунда. Бишкек. 10-декабрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэл Кожо Өзбекстандын суперлигасында ойногон “Нефтчи” (Фергана) клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

"Футболчу ирандык "Эстеглял" клубунун оюнчусу болуп саналат жана келишим боюнча ал сезондун аягына чейин Ферганада ойнойт. Жыйынтыгында ал кайрадан Иранга кайтып бармакчы",-деп жазылган маалыматта.

Былтыр жыл аягында Жоэл Кожо "жылдын мыкты футболчусу" аталган. Футболчу 2024-жылдын башында улуттук кураманын катарында Катарда Азия Кубогуна катышып, Оман курамасынын дарбазасына бир гол киргизген. Бул гол футболчуну Азия чөлкөмүндө атактуу кылган.

Жоэл Кожо 2018-жылы “Алай” футбол клубунда ойной баштаган жана Кыргызстандын чемпионатында мыкты чабуулчу аталган. 2021-жылдын башында “Дордойго” кошулган.

Футболчу 2023-жылы Өзбекстандын “Динамо” (Самарканд) клубуна барган. Кыргызстандын улуттук курама командасына кайра 2023-жылы чакырылган.

Дагы караңыз

Амангелдиев "Кыргыз почтасынын" логистикалык борборунун даярдыгын текшерди Кең-Сайдагы курулуш: мурдагы башкы прокурор Жамшитовдун атасы кармалганы кабарландыИИМ: чоң жолдордо сол тилкеде жай айдагандарга айып пул салына баштайт Ташиевдин убадасынан кийин Жайнак Немат уулу Нарынга мэр болуп дайындалды Жаңы гимндин беш варианты тандалып алынды, музыкасы үчүн сынак жарыяланды Казакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат он жылга кесилдиЭнергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айтты