Кең-Сайдагы курулуш: мурдагы башкы прокурор Жамшитовдун атасы кармалганы кабарланды

Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө бир канча жылдан бери эле аракет жасалып келе жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Ж., башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. менен жалданма компаниянын жетекчиси А.К.Б. кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар Кең-Сай массивин жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоо үчүн берилген каражаттын максатсыз пайдаланышына, кымырылып кетишине айыпталып жатат.

“Жогорудагы курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бюджеттен 657 045 900 сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата келтирилген зыяндын суммасы 115 407 828 сомду түздү. Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары ишенимдүү кишилери аркылуу бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан "откат" түрүндөгү сый акыларды такай алып турган. Анын кесепетинен курулуш создугуп, иштер сапатсыз болуп, убагында жасалган эмес”, - деп жазылган маалыматта.

Бир катар басылмалар кармалгандардын бири мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атасы Асилбек Жамшитов экенин жазышты. Анын жактоочусу жана жакындары азырынча комментарий бере элек.

Ушул айдын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто мамлекеттик кызматкерлерди чогултуп жыйын өткөргөндө Кең-Сай конушуна 2011-жылы 800 млн сом каралып, анын 260 млн сому максатсыз корогонун айтып, ага атышы бар адамдарды жоопко тартууну тапшырган.

Өткүрбек Жамшитов 2018-2020-жылдары Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда башкы прокурор кызматын аркалаган.

Дагы караңыз

Энергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айттыУкраинадагы согушта мерт болгон 120 миң орусиялыктын тек-жайы такталдыМакрон Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алганын билдирди Зеленский АКШдан сураган 10 Patriot комплексинин үчөө келатканын айтты Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы кагылышта 16 адам мерт болгонун билдирди Орусия: Кыйраган Ан-24 учагындагы 48 кишинин бири да аман калбаганы бышыкталды Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысына сөгүш берди Орусияда 103 миңден ашуун кыргызстандык "кара тизмеде", алардын 30 пайызы балдарПесков Путин менен Зеленский жай аяктаганча жолугары күмөн экенин айтты УКМК Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди Ош менен Бишкекте 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду