Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы кагылышта 16 адам мерт болгонун билдирди

Эки өлкөнүн чек арасындагы жаңжал 24-июлга караган түнү тутанган.

Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 16 адам мерт болгонун, алардын дээрлик баары жайкын тургундар экени кабарлады.

Reuters агенттиги 24-июлга караган түнү тутанган жаңжал жума күнү дагы уланганын жазды.

Таиланддын бийлигинин билдиришинче, жума күнү таңга маал чек арадагы Убонратчатхани жана Сурин провинциялары аткыланган. Камбоджа БМ-21 үлгүсүндөгү Орусияда жасалган ракеталык системаны, артиллерияны колдонгон. Бутага алынган аймактардан 100 миңдей киши эвакуацияланды.

Камбоджанын Коргоо министрлиги аскердик жайларга гана сокку урулганын, эки бомба жолго ыргытылганын маалымдады. Бул өлкөнүн бийлиги жаңжалдын курмандыктары тууралуу маалымат бере элек.

Куралдуу кагылышка айланып кеткен чек арадагы жаңжалга эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатат.

Бангкок менен Пномпен жүздөн ашык жылдан бери Прэахвихеа жана Та Моан Тхом храм комплекстери турган аймакты талашып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соту 1962-жылы Прэахвихеа Камбоджага таандык деген чечим чыгарган, бирок талаштуу аймактардагы чек ара чырлары токтогон эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кагылыштан улам кыргыз жарандарын бул өлкөлөрдөгү чек арага жакын аймактарга барбай турууну эскертти. Камбоджа менен Таиландда убактылуу же туруктуу жашап жаткан жарандарды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Өзгөчө кырдаал жаралган учурла Малайзиядагы кыргыз элчилигине же ТИМге кайрылууну сунуштады.


Дагы караңыз

Орусия: Кыйраган Ан-24 учагындагы 48 кишинин бири да аман калбаганы бышыкталды Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысына сөгүш берди Орусияда 103 миңден ашуун кыргызстандык "кара тизмеде", алардын 30 пайызы балдарПесков Путин менен Зеленский жай аяктаганча жолугары күмөн экенин айтты Макрон Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алганын билдирди УКМК Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди Ош менен Бишкекте 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду Төрөбаев: Кыргызстанда кытайлык салымы бар үч миңден ашык компания катталган Казакстан: дарыгерлерди сабагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулду