Орусия: Кыйраган Ан-24 учагындагы 48 кишинин бири да аман калбаганы бышыкталды

Кыйраган учакта 49 адам болгон.

Орусиянын Тергөө кызматы Амур облусунда кыйраган Ан-24 учагындагы 48 адамдын баары - 42 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү набыт болгонун расмий бышыктады.

Аталган облуста үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

"Ангара" авикомпаниясына таандык учак 24-июлда Хабаровск-Благовещенск-Тында багытында учуп баратканда кырсыктаган. Тындадагы аэропортко биринчи жолкусунда коно албай, экинчи жолу аракет кылып жатканда байланышка чыкпай калган.

Куткаруучу тик учак кырсык болгон жерге коно албай, куткаруучулар ал жерге жөө жеткен.

"Ангаранын" башкы директору Сергей Саламатов 112 телеграм каналына тергөөчүлөр компаниянын кеңсесиндеги документтерди алып кетишкенин билдирген. Анын айтымында, учак Благовещенскиден белгиленген мөөнөттөн эки саатка кеч учкан жана бул аба ырайына байланыштуу болгон. Саламатов учактын техникалык абалы жакшы болгонун, тажрыйбалуу пилот башкарып баратканын белгилеген.

Кырсыктаган учак мындан 50 жыл мурун чыгарылган жана анын учууга жарамдуу деген сертификаты 2036-жылга чейин узартылган.

Буга чейин "Ангаранын" башкы директору жаңы учактардын жоктугунан улам Ан-24 жана Ан-25 үлгүсүндөгү учактарды колдонууга уруксат сураганы, мындай үлгүдөгү учактарды колдонуунун мөөнөтү 50 жылдан 60 жылга чейин деп узартылганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Алгачкы маалыматтарда жүргүнчүлөр 43 киши экени маалымдалган. Бирок билет сатып алгандардын арасынан бир жүргүнчү жеке иштерине байланыштуу учпай калганын 25-июлда "Свобода" жазды.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысына сөгүш берди Орусияда 103 миңден ашуун кыргызстандык "кара тизмеде", алардын 30 пайызы балдарПесков Путин менен Зеленский жай аяктаганча жолугары күмөн экенин айтты Макрон Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алганын билдирди УКМК Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди Ош менен Бишкекте 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду Төрөбаев: Кыргызстанда кытайлык салымы бар үч миңден ашык компания катталган Казакстан: дарыгерлерди сабагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулдуКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөт