Төрөбаев: Кыргызстанда кытайлык салымы бар үч миңден ашык компания катталган

Бакыт Төрөбаев менен Чжао Лэцзи (ортодо)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 24-июлда Бишкекте Кытай эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолукту.

Кыргыз өкмөтү анда тараптар соода-экономикалык алака-катышты талкуулаганын билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн соода жүгүртүсү былтыр 23 миллиард долларга жеткени белгиленди.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда кытайлык салымы бар миңдеген компания иштеп жатканына, алардын экономикага салымы чоңдугуна токтолду.

"Кыргызстанда кытайлык капиталдын катышуусунда үч миңден ашык компания катталган. Бул ишканалар экономикабыздын негизги тармактарын – соода, курулуш, тоо-кен жана өндүрүш, айыл чарба, туризм, логистика жана тейлөө тармактарын камтыйт. Кытай бизнесинин мындай кеңири катышуусу биздин экономикалык өз ара аракетибиздин жогорку деңгээлин ачык-айкын чагылдырат жана масштабдуу демилгелерди ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөт",-деген Төрөбаев.

Жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу дагы сөз болгон.

Чжао Лэцзи Кыргызстанга 23-июлда иш сапар менен келген. Аны менен президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган өлкө жетекчилери да жолукту.

Дагы караңыз

Казакстан: дарыгерлерди сабагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кеттиОдесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды, Привоз базарында өрт чыктыОрусиянын Коргоо министрлиги дагы туткун алмашуу болгонун билдирди Сочиде дрон чабуулунан эки адам мерт болуп, 11и жараат алды Стамбул: Украина менен Орусиянын делегациялары жарым сааттан ашуун сүйлөштүАмур облусунда 40тан ашык жүргүнчүсү бар Ан-24 учагы кыйрады Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулдуКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтИмангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сот башталатГермания гуманитардык виза программасын токтотту Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди