Казакстан: дарыгерлерди сабагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды

Казакстанда дагы дарыгерлер сабалган учурлар көбөйдү.

Казакстанда дарыгерлерди, медициналык кызматкерлерди сабап, кол көтөргөндөрдү 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам долбоор иштелип чыкты.

Документти Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери менен Башкы прокуратура даярдаган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова 24-июлда брифингде кабарлады.

Долбоорду сентябрда парламент жайкы тыныгуудан кийин карайт.

Мунун алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дарыгерлерге кол салып, сабагандарга жазаны катаалдатууну тапшырганы белгилүү болгон.

Коңшу өлкөдө дагы акыркы кезде дарыгерлер сабалган учурлар көбөйдү.

Мындай көрүнүш Кыргызстанда дагы бар.

Ушул айда эле Улуттук госпиталдын дарыгерлери сабалган эки окуя катталган. Мындан улам аталган оорукананын жамааты айрыкча күч түзүмүнүн кол көтөргөн кызматкерлери жазасыз калып жатканын, жогорку кызмат адамдардын жоопкерчилиги каралбай калганын айтып бийликке кайрылган.

Дарыгерлердин бул билдирүүсүнө бийлик башчылары азырынча үн ката элек.

Дагы караңыз

Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кеттиОдесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды, Привоз базарында өрт чыктыОрусиянын Коргоо министрлиги дагы туткун алмашуу болгонун билдирди Сочиде дрон чабуулунан эки адам мерт болуп, 11и жараат алды Стамбул: Украина менен Орусиянын делегациялары жарым сааттан ашуун сүйлөштүАмур облусунда 40тан ашык жүргүнчүсү бар Ан-24 учагы кыйрады Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулдуКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтИмангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сот башталатГермания гуманитардык виза программасын токтотту Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди