Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулду

Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Түндүк-түштүк кошумча жолунун 282-чакырымына 24-июлда 12.30дар чамасында таш кулап, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Жолду тазалоо жүрүп жатканын кабарлап, айдоочуларды зарыл иши болболсо жолго чыкпай турууну эскертти.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад аркылуу өткөн 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны мурда жол такыр түшпөгөн тилкелер аркылуу салынган.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы 2022-жылы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыяларын жээктеп салынган жана анын 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. 2023-жылдын башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.

Буга чейин дагы жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы, жол куруудагы коррупция тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Дагы караңыз

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтОрусиянын Коргоо министрлиги дагы туткун алмашуу болгонун билдирди Стамбул: Украина менен Орусиянын делегациялары жарым сааттан ашуун сүйлөштүИмангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сот башталатБишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кеттиОдесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды, Привоз базарында өрт чыктыГермания гуманитардык виза программасын токтотту Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди Токаев дарыгерлерге кол көтөргөндөргө жазаны катаалдатууну тапшырдыТуманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаар четине көчүрүлөрүн айтты