Газа: Чиркөөгө тийген соккудан үч киши набыт болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатат. Эки жылга жакындап бараткан урушту токтотуу боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ал арада Израилдин тилкедеги рим-католик чиркөөсүнө урулган соккусун бир катар өлкөлөр айыптады. Бешинчи күнү да палестин анклавы аткыланганы кабарланды.