Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:27

"Хочу жить": дагы 500дөн ашык казакстандык согушка баруу үчүн Орусия менен келишим түзгөн


Ушул жылдан тартып Орусияда майданга ыктыярчыларды жалдап жөнөтүүнүн жаңы схемасы иштей баштаган.
Ушул жылдан тартып Орусияда майданга ыктыярчыларды жалдап жөнөтүүнүн жаңы схемасы иштей баштаган.

Украиналык "Хочу жить" долбоору быйыл жыл башынан бери кеминде 529 казак жараны Украинага каршы согушка баруу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн билдирди. Ошондой эле алардын аты-жөнүн, туулган күнү-жылын жана жетондорунун номеринен өйдө жарыялады. Ага ылайык, келишим түзгөндөрдүн эң улуусу 60, кичүүсү 18 жашта.

Ушул жылдан тартып Орусияда майданга ыктыярчыларды жалдап жөнөтүүнүн жаңы схемасы иштей баштаганы белгилүү болгон.

"Хочу жить" долбоору май-июнь айларында Орусия тарапта согушуу үчүн жалданган борборазиялыктардын аты-жөнүн аныктаган. Ага ылайык, Өзбекстандын 1110, Казакстандын 661, Кыргызстандын 360, Тажикстандын 931 жана Түркмөнстандын 170 жараны майданга кеткен.

Бардыгы болуп бери дегенде 3232 борборазиялык Украинада согушуп жүргөн орус армиясынын катарын толуктаган. "Хочу жить" долбоорунун авторлору билдиргендей, аларды негизинен "көп акча аласыңар" деп алдап же коркутуп жалдашат.

Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда чет жакта согушка аралашкан жарандар өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG