Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Днепропетровск тынымсыз аткыланды, эки адам набыт болду


Орусия 26-июлга караган түнү Украинанын Днепропетровск облусун ракета жана дрондор менен тынымсыз аткылады.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак эки адам набыт болуп, кеминде беш киши жараат алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, көп кабаттуу үй, өнөр жай ишканалары жабыркап, өрт чыкты.

Лысак бул түнү Днепр шаарынын жана Днепропетровск облусунун үстүнөн жети ракета жана 26 дрон атып түшүрүлгөн белгиледи.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн билдиришинче, ишембиге оогон түнү Орусия жалпысынан 200дөн ашык дрон, 30дай ракета менен бир канча аймакка чабуул жасады жана алардын теңинен көбү атып түшүрүлдү.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмүн эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG